Бишкекте айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жарманкеси 30-ноябрга чейин узартылды

Борбор калаада айыл чарба азык-түлүк жарманкеси 30-ноябрга чейин уланат. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, алгач бул жарманке 1-сентябрдан 3-ноябрга чейин болот деп пландалган. Бирок шаардыктардын өптөгөн суранычтарынан улам бул мөөнөт дагы бир айга узартылды. Жарманкенин максаты - айыл чарба азык-түлүктөрүн элге ортомчусуз, арзан баада жеткирүү. Иш-чара 6-ноябрда башталып, шаардын 3 аймагында ишемби, жекшемби күндөрү өтмөкчү. Жарманке өтчү жайлар: Жумабеков-Шопоков, Токомбаев-Айтиев көчөлөрүнүн аралыгындагы Нуркамал көчөсү жана Жал кичирайонундагы Суворов училищесинин тушу.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан