Кыргызстанда төрөттөн 9 айдын ичинде 58 аял каза тапты

2012-жылдын 9 ай аралыгында Кыргызстанда төрөттөн кийин 58 эне каза болгон. Бул тууралуу КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги Жалал-Абад облусундагы көчмө жыйынында билдирди. Жалал-Абад облусу боюнча 12 аял каза болсо, анын 8и облустук оорукананын төрөт бөлүмүндө катталган. Ош облусу менен Ош шаарында 16 өлүм катталса, Ысык-Көл облусу боюнча 8 эне төрөттүн айынан жашоо менен кош айтышкан. Министрлик белгилегендей, өлүмдүн себептеринин бири болуп энелердин ден соолугунун начардыгы саналат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан