Нарын. “Мыкты журналист” кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгарылды

Нарын. “Мыкты журналист” кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Бүгүн облустук администрацияда “Мыкты журналист” кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Кароо-сынакта журналисттер 30-октябрга чейин тиешелүү материалдарын өз багыттарында тапшырышкан. Жалпы байге фондунун суммасы бир автоунаа болгон, бирок унаа бир гана адамга тартууланып калбас үчүн калыстык кылып, 5000 АКШ доллары эсебинде коюуну чечишкен. Татыктуу журналисттер акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Алардын ичинде 15 000 сом менен “Азаттык” үналгысынын аймактык кабарчысы Токтосун Шамбетов, 20 000 сом менен “Баракелде” маалыматтык сайтынын аймактык кабарчысы Күмөндөр Усуптегин, 35 000 сом менен “Теңир-Тоо” гезитинин редакциясы, КТРКнын “Ала Тоо” маалымат- аналитикалык программасынын Нарын облустук кабарчысы Бөлөкбай Шеримбеков жана “Нарын” ТРКсы сыйланышты. Жыйында журналисттерди бардык тармактын өкүлдөрү кесиптик майрамдары менен куттуктап, чакан белектерин тапшырышты. Иш-чаранын аягында жалпы журналисттер Нарын  облустук администрациясы тарабынан даярдалган сый тамакка чакырылышты.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан