Нарын. Жер-жерлерде түшүм майрамдары өтүүдө

Ар бир райондорго караштуу айылдарда түшүм майрамдарын жыл сайын күзүндө өткөрүү салтка айланып келет. Мындай иш-чаралардын болуп туруусу жергиликтүү калкты жакырчылыктан алып чыгып, атаандаштыктын негизинде алдыга жылуу болуп саналат. 3-ноябрда Нарын облусуна караштуу Жан-Булак айылында Түшүм майрамы болуп өттү. Айыл тургундарына улуттук ат оюндары тартууланып, катышуучулар тулпарларын "Ат чабыш", “Кунан чабыш”, “Тай чабыш”  жарыштарында сынап, байгелүү орундарга ээ болушту. Ал эми байге фондун аталган айылдын атактуу уулдары көтөрүшүп, майрамдын аягында айылдын сыйлуу ардагерлерин, аксакалдарын чогултуп, жергиликтүү бийлик менен бирге майрамдык дасторконго чакырышты. Жергиликтүү айыл өкмөтүнүн мүчөлөрү айылдык ФАПтын кызматкерлерине, мугалимдерге жана бала бакчанын тарбиячыларына, айылдын чыгаан уулдарына майрамга өз салымдарын кошкону үчүн ыраазычылык билдирет.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан