Депутат Каныбек Иманалиев кыргыз тилдүү айрым басылмалар эне тилди булгап жатканын айтты

 Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев 5-ноябрда Басма сөз жана маалымат күнүнө арналган иш-чарага катышты. Иш-чарага кыргыз тилдүү ММК өкүлдөрү менен тилчилер катышып, анда мамлекеттик тилдин өнүгүшүндө ММКнын орду тууралуу маселе талкууга алынды. Депутат Каныбек Иманалиев мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү айрым көйгөйлөргө токтолуп, журналистика адилеттүүлүк принцибине негизделип, элдин кызыкчылыгына кызмат кылышы керек экенин айтты. “Учурдагы журналистика кыргыз тилинин өнүгүшүнө зор салымын кошор эле, тилекке каршы, айрым басылмалар эне тилибизди булгап жатат”,- деди. Бул иш-чара КРнын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жана республикалык “Кыргыз тил” коому тарабынан уюштурулду. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан