Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 21-январда Бишкектеги Медициналык тез жардам шаардык балдар клиникалык ооруканасында болуп, оор абалда жаткан 2 жашар баланын абалын көрдү. Анын өмүрүн сактоого көрүп жаткан аракети үчүн вице-премьер дарыгерлерге ыраазычылык билдирди.
"Зомбулуктан жабыркаган бала эсине келе элек, бирок жакшы жагына аз-аздан жылыш болуп жатканы байкалууда. Азыр ал жасалма дем алдыруу аппаратынан алынып, өз алдынча дем алууда. Ибрагимдин канча убакыттан кийин толук сакайып кетерин азырынча айтуу кыйын. Бүт кыргызстандыктар ал үчүн кыжалат болушууда. Дарыгерлер аны бутуна тургуза алат деп үмүт кылам",- деди Ниязалиева.
Вице-премьер мындай окуялардын алдын алуу жана балдардын зомбулук көрүү коркунучу бар үй-бүлөлөрдү аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
"Ата-энелер иштегени кетип, балдарын коңшусуна жана туугандарына таштап кеткен учурлар көп. Кээде мындай кырдаалды өздөрүнө өздөрү алып келишүүдө. Балдарга коркунуч жаралган үй-бүлөлөрдү алдын ала аныктоо механизмин иштеп чыгуу зарыл",- деди өкмөт мүчөсү.
Эске салсак, 11-январга караган түнү шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жарааттар болгон. Мындан улам дарыгерлер баланын сабалып, зордукталганын айтышкан. Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары 47 жаштагы жаран жана анын аялы эки айга камакка алынган. 47 жаштагы жаран 2 жаштагы баланы сабаганын моюнуна алып, зордуктаганын четке кагууда. Ал эми 2 жаштагы бала 11-январдан бери жандандыруу бөлүмүндө комада жатат.