УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн 7-апрелде маалымдалды.
Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбев берген арызынын негизинде кызматынан кетти.
Абдил Сегизбаев 1973-жылы 2-июнда Фрунзе шаарында туулган.
1996-жылы - Бишкек шаарындагы Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунан агроном кесибин алып чыккан.
1995-2000 - жылдары - "Сорос-Кыргызстан" фондунун координатору;
2000-2003 – жылдары - Швейцариялык эл аралык кызматташуу боюнча ассоциациясынын кызматкери;
2003-2005 – жылдары - Кыргыз өлкөсүнүн президенти Аскар Акаевдин маалымат катчысы;
2011-2012 – жылдары - президент Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы;
2012-жылы - КРнын президентинин аппаратынын маалыматтык саясат боюнча бөлүмдүн жетекчиси – КРнын президентинин жардамчысы;
2012-жылы - КРнын президентинин маалымат саясаты боюнча кеңешчиси;
2014-жылы - УКМКнын орун басарлык деңгээлинде иш алып барган Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын жана тобокелчиликтерди талдоо боюнча кызматтын директорлугуна дайындалган;
2015-жылы - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалган.