Эл аралык футбол федерациясы ФИФА кечээ, 4-февралда Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия чемпиондугу боюнча жыйынтык чыгарып, мекеме өзүнүн расмий сайтына кенен макала даярдаган.
Макалада мелдештин жеңүүчүсүнөн тышкары фавориттер, оюнчулар жана Кыргыз улуттук курама командасы жөнүндө жазылган.
ФИФА бул макалада "Маанилүү учурлар" деген бөлүктө 3 курама команда тууралуу жазган, алар Кыргыз, Оман жана Вьетнам курама командалары.
"Кыргыз курамасы Азия континентинде мыкты дебют жасады. Тайпалык баскычтын биринчи турунда Кытайга жеңилип калган, бирок андан кийин Виталий Люкс Филиппинге каршы беттеште хет-трик жасады. Андан кийин Орто Азиянын командасы БАЭ курама командасын жардын кырына жеткирип, татыктуу каршылык көрсөттү", - деп жазылат макалада.
Азия Кубогу Бириккен Араб Эмираттарында 5-январда башталып, 1-февралга чейин уланат. Мелдешке Кыргыз өлкөсү алгачкы жолу катышып, тайпалык баскычта Кытай, Түштүк Корея жана Филиппинге каршы ойноп, 3 упай топтоо менен жарым чейрек финалга чыга алды. 1/8 финалда "Ак шумкарлар" талаа ээлери болгон БАЭ курамасынан 2:3 эсебинде жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеп калышкан. Ал эми Азия Кубогунун финалында Япония менен Катар курама командалары кездешип, Катар курамасы япониялыктарды 3:1 эсебинде жеңип алышкан.