Кыргыз-Кытай беттешинде гол киргизген футболчу Ахлидин Исраилов беттештен кийин журналистке беттеш тууралуу айтып берди. Кыргыз улуттук курама команданын оюнчусу жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүктөр бар болгонун айтып, төмөнкүлөрдү айтты.
"Бүгүн Кытай курама командасын утуп алууга толук мүмкүнчүлүктөр бар болчу. Бирок 2 голду өткөрүп алдык. Алдыда дагы 2 оюн бар, жеңишке дагы жетебиз деп ойлойм. Алгачкы голду өткөрүп алганда биз өзүбүздү жоготуп, эмне кылууну билбей калдык. Негизи бул беттешке жеңиш үчүн чыкканбыз, 1-таймда бардыгы окшошуп жаткан, бизде дагы көбүрөөк гол киргизгенге мүмкүнчүлүктөр бар болчу. Бирок 2-таймда бардыгын өзгөртүп салды", - деди Исраилов.
Белгилүү болгондой, 7-январда Бириккен Араб Эмираттарынын Аль-Айн шаарында Азия Кубогунун алкагында Кыргыз курама командасы Кытайга каршы беттеш өткөргөн. Беттештин 42-мүнөтүндө Ахлидин Исраилов эсеп санын ачып, 2-таймда дарбазачы Павел Матяш 2 жолу катачылык кетирип, Кыргыз курама командасы 1:2 эсебинде жеңилип калды.