Андан бери 4 жыл өттү. Футбол боюнча Кыргыз курама командасы Александр Крестининдин машыктыруусуна өткөндөн кийинки жыйынтыктар

Бүгүн, 20-ноябрда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Японияга каршы жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул беттеш кыргыз футболчулардын башкы машыктыруучусу Александр Крестининдин көзөмөлүндөгү 25-беттеш болот.

Орусиялык адис Александр Крестинин Кыргыз улуттук курама командага машыктыруучу болуп 2014-жылды дайындалган. Ал убакыттан бери Кыргыз курамасы Дүйнө чемпиондугунун жана Азия Кубогунун тандоо турларынын жана жолдоштук беттештердин алкагында 24 беттеш өткөргөн. Аларда Александр Крестининдин шакирттери 11 жеңиш, 7 жеңилүү жана 6 тең чыгууну камсыз кылган.

Крестинин Кыргыз курамасына машыктыруучу болгондон кийин 2015-жылдын июнь айына чейин расмий беттештерди өткөргөн эмес. 11-июнда Александр Крестинин алгачкы беттешин Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында Бангладешке каршы өткөрүп, аны 3:1 эсебинде жеңип алган. Жалпы 2015-жылы Крестининдин баштоосундагы Кыргыз улуттук курама командасы 7 беттеш өткөрүп, анын ичинен 3 жеңиш, 2 жеңилүү жана 2 тең чыгууга жетишкен.

2016-жылдын 30-мартында Кыргыз курамасы Тажикстан менен беттешип, 1:0 эсебинде жеңип алган. Дүйнө чемпиондугунун тандоо туру кыргыз футболчулары үчүн 4 жеңиш, 2 жеңилүү жана 2 тең чыгуу менен аяктап, кийинки турга өтүү аракети ишке ашкан эмес. Бул жыл ичинде Тажикстан курамасынан кийин орун алган оюндар жолдоштук беттештер болду. Анда кыргыз футболчулар 6 беттеш өткөрүп, канааттандырарлык жыйынтык көрсөтө алган эмес. Крестининдин шакирттери ал беттештерди 1 жеңиш, 3 жеңилүү жана 2 тең чыгуу менен аяктаган.

2017-жылы Кыргыз улуттук курама команда Азия Кубогунун тандап алуу оюндарына катышат.

28-март: Кыргыз курамасы "А" тайпасына кирип, Индия, Мьянма жана Макао курамалары менен күч сынашкан. Тандап алуу турунун алкагында Кыргыз курама командасы алгачкы беттешин Бишкек шаарында Макаого каршы өткөрүп, 1:0 эсебинде жеңип алган.

13-июнь: Кыргыз курама командасы Индияга каршы оюнду Бенгалор шаарында өткөрөт. Кыргыз футболчулары жакшы оюн көрсөткөнү менен 0:1 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калган.

10-октябрь: Кыргыз улуттук курама Янгон шаарында Мьянма менен беттешкен. Беттештин жүрүшүндө кыргыз футболчулары 2:0 эсебинде алдыда келе жатып, акыркы мүнөттөрдө дарбазачы Павел Матяштын катасынан Мьянма эсепти 2:2 кылып кеткен.

14-ноябрь: Кыргыз футболчулары Тайпа аралдарына барып, Макао курама командасы менен беттешет. Бул беттеште Кыргыз курамасы 2-таймдын башталышында 3:0 эсеби менен утуп жаткан. Бирок 80-мүнөттө Макаонун оюнчулары эсепти 3:2 кылса, бир аз убакыттан кийин Мирлан Мурзаев эсепти 4:2 кылган. Акыркы мүнөттөрдө Макаонун чабуулу ийгиликтүү болуп, беттештин жыйынтыгы 4:3 болгон.

2018-жылдын март айында Кыргыз курама командасы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарын жыйынтыктайт.

22-мартта Кыргыз курамасы Түштүк Кореянын Инчон шаарында Мьянманы кабыл алат. Бул беттеш Мьянмадагы кырдаалга байланыштуу жылдырылган эле. Инчондо кыргыз футболчулар өзүнүн мыктылыгын көрсөтүп, ири 5:1 эсебинде жеңишке жетип тарыхта биринчи жолу Азия Кубогунун финалдык этабына жолдомо алган.

27-мартта Кыргыз улуттук курама команда Бишкек шаарында Индия курамасын тосуп алат. Бул беттеш "А" тайпасындагы 1-орундун тагдырын гана чечмек, анткени Индия менен Кыргыз курамалары бул беттешке чейин финалдык этапка жолдомо алышкан. Беттештин 74-мүнөтүндө Мирлан Мурзаев эсеп санын 2:0 кылып, курамасын алдыга чыгарса, беттештин акыркы мүнөтүндө индиялыктар эсеп санын 2:1 кылган. Бул эсеп менен беттеш аяктап, Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында катышуусун ийгиликтүү жыйынтыктаган.

Мындан кийинки беттештер Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунун финалдык этабына даярдык катары өткөрдү.

29-майда Кыргыз курамасы Азербайжан менен беттешип, 3:0 эсебинде утулса, 6-сентябрда Кыргыз курамасы Палестина менен 1:1 эсебинде, 10-сентябрда Сирияга каршы ойноп 2:1 эсебинде жеңишке жетсе, 16-октябрда Кыргыз улуттук курама команда Малайзия менен беттешип 1:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Азыркы тапта Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө даярдыкты улантууда. Бүгүн Кыргыз курама командасы Япония курамасы менен беттешсе, декабрда Катар мамлекетинде окуу-машыгуу жыйындарын өткөрөт. Анын алкагында дагы Кыргыз улуттук курама командасы жолдоштук беттештерди өткөрө турганы маалым.

Кыргыз улуттук курама командасынын Александр Крестининдин баштоосундагы беттештердин жыйынтыгы:

2015-жыл:

  • Дүйнө чемпиондугунун тандоо туру:
    • Дакка шаары, 11-июнь. Бангладеш-Кыргыз Республикасы – 1:3;
    • Бишкек шаары, 16-июнь. Кыргыз Республикасы-Австралия – 1:2;
    • Амман шаары, Иордания-Кыргыз Республикасы – 0:0;
    • Бишкек шаары, 8-октябрь. Кыргыз Республикасы-Тажикстан – 2:2;
    • Бишкек шаары, 13-октябрь. Кыргыз Республикасы-Бангладеш – 2:0;
    • Канберра шаары, 13-ноябрь. Австралия-Кыргыз Республикасы – 3:0;
    • Бишкек шаары, 18-ноябрь. Кыргыз Республикасы-Иордания – 1:0.

2016-жыл:

  • Дүйнө чемпиондугунун тандоо туру:
    • Дүйшөмбү шаары, 30-март. Тажикстан-Кыргыз Республикасы – 0:1.
  • Жолдоштук беттештер:
    • Тегеран шаары, 7-июнь. Иран-Кыргыз Республикасы – 6:0;
    • Бишкек шаары, 6-сентябрь. Кыргыз Республикасы-Филиппин – 1:2;
    • Бишкек шаары, 6-октябрь. Кыргыз Республикасы-Ливан – 0:0;
    • Бишкек шаары, 11-октябрь. Кыргыз Республикасы-Түркмөнстан – 1:0;
    • Манила шаары, 9-ноябрь. Филиппин-Кыргыз Республикасы – 1:0;
    • Эр-Рифа шаары, 16-ноябрь. Бахрейн-Кыргыз Республикасы – 0:0.

2017-жыл:

  • Азия Кубогунун тандоо туру:
    • Бишкек шаары, 28-март. Кыргыз Республикасы-Макао – 1:0;
    • Бенгалор шаары, 13-июнь. Индия-Кыргызская Республика – 1:0;
    • Янгон шаары, 10-октябрь. Мьянма-Кыргыз Республикасы – 2:2;
    • Тайпа аралы, 14-ноябрь. Макао-Кыргыз Республикасы – 3:4.

2018-жыл:

  • Азия Кубогунун тандоо туру:
    • Инчон шаары, 22-март. Кыргыз Республикасы-Мьянма – 5:1;
    • Бишкек шаары, 27-март. Кыргыз Республикасы-Индия – 2:1.
  • Жолдоштук беттештер:
    • Баку шаары, 29-май. Азербайжан-Кыргыз Республикасы – 3:0;
    • Бишкек шаары, 6-сентябрь. Кыргыз Республикасы-Палестина – 1:1;
    • Бишкек шаары, 10-сентябрь. Кыргыз Республикасы-Сирия – 2:1;
    • Малакка шаары, 16-октябрь. Малайзия-Кыргыз Республикасы – 0:1.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rysik79
2018-11-20 11:55:03
Кок борунун жыйынтыгы болгондо жалан 5 болмок.
0
Nur777
2018-11-20 12:07:59
Крестиниге рахмат,Кыргыз футболун алдыга жылдырып келе жатат,ФИФАнын рейтингинде жуздукко кирип корбогонбуз омурубуздо!Ар бир жаран озунун чойросундо озунун ишин мыкты аткарып турса кресло талашпай КР онугот!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан