Президент: "Илдетке каршы күрөштө негизги таянычыбыз – биримдик жана тартип"
Кыргыз өлкөсүндө
Ооругандар
1974
БИР СУТКАДА
38
Айыккандар
1360
Каза болгондор
22
(06.06.20 саат 10:00гө карата)
Бардык маалымат

  Саясат  

Президент: "Илдетке каршы күрөштө негизги таянычыбыз – биримдик жана тартип"

Тектеш кабарлар: Кытайдагы коронавирус дүйнөнүн туш-тарабына жайылууда (4813 материал)

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Баарыңыздарды Орозо айт майрамыӊыздар менен чын дилимден куттуктайм. Эгемендүү өлкөбүздөгү жалпы мусулмандар бир ай бою орозо кармады, Жаратканга жалбарып, жалпы журтубузга жакшылык каалады.

Быйылкы Орозо күндөрүн азыркы мезгилдеги дүйнөлүк апааттан - коронавирус илдетинен сактануу шарттарында өткөрдүк. Элибиздин ден соолугун, өмүрүн сактоо үчүн илдеттин жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында зарыл болгон медициналык талаптарды аткарып, катуу тартипти кармадык. Кырдаалды туура түшүнүп, эрежелерге чыдап, сактап келген, мекендештерим, сиздерге ыраазылык билдирем. Элибиздин ден соолугу, саламаттыгы үчүн тыным көрбөй аракеттенип жаткан медицина кызматкерлеринин эмгегин жогору баалайбыз. Коомдук тартипти, коопсуздукту күнү-түнү камсыз кылган укук коргоо жана аскер кызматкерлеринин ишин өзгөчө баса белгилейм. Бул ишке ыктыярдуу катышкан бардык мекендештериме элибиздин атынан рахмат айтам. Чогуу кылган аракетибиздин акыбети кайтып, кырдаал көзөмөлдө кармалды. Ооруну жуктуруп алгандардын көпчүлүгү сакайып чыгышууда.

Азыр ишкердикке, күнүмдүк тиричиликке болгон чектөөлөр жумшарды. Экономиканын бардык тармактары жанданып, күндөлүк турмуштагы карым-катнаш калыбына келе баштады. Бирок дүйнөдөгү абалды көрүп жатабыз. Кырдаал кайсы күнү болбосун өзгөрүп кетиши толук ыктымал. Ошондуктан урматтуу калайык журтум, мындан ары да калк саламаттыгынын коопсуздугу үчүн илдеттен коргонуу чараларын күчөтүлгөн режимде улантышыбыз керек. Биримдик менен жеткен натыйжабызды текке кетирбей, оорунун мындан ары тарашына бөгөт коюу - негизги максатыбыз.

Буга чейин мамлекеттик органдар тарабынан чектөөлөр киргизилип, көзөмөл катуу болду. Эми жеке ар бирибиздин жоопкерчилигибиз күчөдү. Ушуну баарыбыз толук түшүнүшүбүз зарыл. Ар бир ата-эне балдарынын ден соолугуна, жүрүм-турумуна көз салып, илдет менен күрөшүүдө өздөрү үлгү көрсөтүшү керек. Бир адамдын кенебестиги жүздөгөн адамга залакасын тийгизет. Ошондуктан сиздерди коомдун саламаттыгына кайдыгер карабай, кырдаалга бийик жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырам. Медициналык талаптарды бузбай, жеке тартипти сактоону күнүмдүк адатка айлантууга тийишпиз. Ошондо гана илдетти жеңебиз. Ал эми жергиликтүү бийлик, өкмөт илдеттин таркап кетишин алдын алууга багытталган иш-аракеттерин мындан ары да улантат.

Буюрса, Кудайдын колдоосу менен жалпы дүйнө коомчулугу туш болгон бул татаал сыноодон татыктуу чыгабыз. Бул күрөштө негизги таянычыбыз — биримдик жана тартип. Ар бир мекендешиме бекем ден соолук, бак-таалай, ийгилик каалайм. Орозо күндөрү ниет кылган аруу тилектерибиз кабыл болсун. Жараткан Кудайым өзү колдоп, ар дайым элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун", - деп жазылат куттуктоодо.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
+996 557 47 39 39
 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.

Маалымат-маанайшат порталы 2006-2020 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Жибек Жолу проспектиси 381,
Тел.: +996 312 88-24-00,
+996 557 47 39 39
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
USD 74,23  RUB 1,08
Кирүү
Каттоо