Билим берүү министрлиги университетке 50 абитуриенттин мыйзамсыз кабыл алынгандыгы боюнча үн катты

Билим берүү жана илим министрлиги чет өлкөлүктөр үчүн бөлүнгөн гранттык орундарга 50 абитуриент мыйзамсыз кабыл алынгандыгы боюнча комментарий берди.

Мекеме билдиргендей, бул мыйзам бузуулар 2021-2022-окуу жылына карата жогорку окуу жайларга каттоо жана кабыл алууда болгон. Андыктан бул иш быйылкы жылдагы ЖОЖдорго кабыл алууга тиешеси жок экендиги айтылды.

"2022-жылдын май айынын башында жогорудагы иш боюнча УКМКдан маалымат келип түшкөн. Анын негизинде Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги ыкчам түрдө текшерүү комиссиясын түзүү демилгесин көтөргөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат андан ары иликтөө үчүн УКМКга өткөрүп берилген", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан