2015-жылдын 9-майы - бул маанилүү тарыхый күндү 20-кылымдын "чумасы" аталган фашизм менен болгон күрөштөгү жеңиштин 70 жылдыгын бүткүл прогрессивдүү адамзаты белгилеп жатат. Жеңиш майрамы - ар бир адамга, өзгөчө мурунку СССРдин жашоочуларына кымбат жана ыйык. Биздин өлкөбүздүн жана элдердин эркиндиги, жаркын келечеги үчүн мекенин жеке жашоосу, керт башы менен коргогон баатырлардын эрдиктери эч качан унутулбайт, биз аларга тизе бүгүп таазим кылабыз.
Ысык-суукка, ачкачылыкка карабай жеңиш үчүн күчүн аябаган ооруктун эмгекчилерине биз чексиз ыраазыбыз.
Ардагерлербизди жаш муундарды тарбиялоодогу акылман кеңеши үчүн кадырлап-сыйлайбыз. Алардын камкордукта жашоосу жана жыргалчылыкка бөлөнүүсү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшап, өзгөчө көңүл буруубуз зарыл.
Өзүбүздүн талбаган эмгегибиз менен чоң аталарыбыздын, аталарыбыздын үмүт-тилегин актап, өз тарыхыбызды бурмалоосуз сактап калуубуз керек, алардын атактуу эрдиктеринин таасири менен өсүп келе жаткан жаңы муунга татыктуу тарбия берүүбүз абзел.
Бардык кыйынчылыктарды жана тоскоолдуктарды жеңип өтүүгө, болочок муундарга өнүккөн, эркин, демократиялуу жана күчтүү кыргыз мамлекетин берүүгө милдеттүүбүз, анткени биздин ата-бабаларыбыздын эрдиктери бизди дайыма коштоп, күнүмдүк ишибизде шыктандырып турат.
Жеңиш майрамыңыздар менен! Баарыңыздарга тынчтык, жакшылык жана бакты-таалай каалайм!"