“Доллардын наркынын өсүшү - спекуляция”,- дейт Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бүгүн, 26-ноябрда маалымат жыйындын жүрүшүндө. Анын айтымында, Улуттук банк бүгүнкү күндө керектүү деңгээлде долларды сатты, анын натыйжасында доллардын курсу 75-76 сом гана болуш керек.
“Ал эми анын 79 сомго чыгышы - спекуляция. Биз жарандардан провокацияга алдырбай, күтүүнү суранат элек, анткени бул убактылуу көрүнүш. Мисалы, учурда акыркы 1,5 саат ичинде доллардын курсу 1,5 сомго кайра ылдыйлады.
Келерки жумада биз кененирээк жыйын өткөрүп, ошол жерден доллардын курсунун өсүшүнө кимдердин кызыкчылыгы бар экенин айтышыбыз мүмкүн. Бүгүн дагы биздин банк интервенцияга чыкты, анын суммасы 12-13 миллион долларга жетет. Ал эми доллардын курсу инфляцияга байланыштуу эмес, себеби ал 1,5 пайызга гана өскөн. Анын орточо жылдык көрсөткүчү 7 пайыз”,- деди Абдыгулов.