Коомдук ишмер, теолог К.Маликовго кол салгандар Түркиянын полициясы тарабынан кармалышты. Тергөөнүн алкагында кылмышка шектүүлөр боюнча чогултулган материалдар менен Интерполдун кызматкерлеринен түзүлгөн топ Түркияга кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрдагы маалымат жыйынында ИИМдин 10-Башкы башкармалыгынын башчысы Сталбек Рахманов билдирди.
Буга чейин маалым болгондой, "Маликовду бычактаган" деп шектелген Нарын шаарынын тургуну, 1987-жылкы Алибек Тилек уулу жана Ош облусунун Ноокат районунун жашоочусу, 1986-жылы туулган Ырыскул Бейшеналиев окуя болгон соң дароо Казакстандын аймагына өтүп, ал жерден Түркияга учуп кетишкен.
ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов теологго кол салгандар “Ислам мамлекети” уюмунун мүчөлөрү экени аныкталгандан кийин козголгон кылмыш иши "бейбаштык" беренесинен "адамды өлтүрүүгө аракет жасоо" беренесине өзгөртүлгөнүн айтты. "Эмне себептен адамдын өмүрүнө кол салуу боюнча иш козголгон жок?" деген суроолор берилип жатты. Биз окуя болгон күнү тергөө жүргүзүп, "бейбаштык" беренеси менен иш козгогонбуз. Эртеси саат 12ге чейин К.Маликовдон арыз ала алган жокпуз. Кийин өзү менен сүйлөшүп, анын негизинде беренени өзгөрттүк",- деди ал.