КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫ. 19-МАРТ: Кыргыз тарап дагы Аксыдагы чек арага 2 БТР койду

Өзбек чек арачылары блокпост коюп, аны алып салуу талабы аткарылбаган соӊ кыргыз тарап 1 күндөн кийин чек арага 2 БТР, жоокерлерди коюуга аргасыз болду

19-март

21:15 Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев кыргыз элин провокацияга алдырбоого чакырды. "Кербен - Ала-Бука жолундагы блокпостторду алып салуу талабы менен жиберилген нотага эч кандай жооп келе элек. Учурда Өзбекстан тараптан расмий жооп күтүүдөбүз",- деди ал.

17:40 "Өзбек чек арачылары менен болгон сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз болууда. Учурда аймакта чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатышат",- дейт "Ала-Бука" чек ара отрядынын командири Бакытбек Жангазиев.

17:20 "Учурда абал тынч, жол кыймылы бар. Өзбек чек арачылары тарабынан текшерүүлөр токтой элек. БТРлер дагы деле турат. Аймакка губернатор келип, Ала-Букага кетти",- деп Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Улук Керимкулов билдирди.Өзбек чек арачылары блокпост коюп, аны алып салуу талабы аткарылбаган соӊ кыргыз тарап 1 күндөн кийин чек арага 2 БТР, жоокерлерди коюуга аргасыз болду.

17:00 Өкмөттүн маалымат кызматы учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр уланып жаткандыгын билдирди. "Кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкан калктардын ортосунда чыр-чатактарды болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө",- дешти өкмөттүн маалымат кызматынан.

15:35 Өкмөттүн маалымат кызматы учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр болуп жаткандыгын билдирди: "Кырдаал көзөмөлдө турат, тиешелүү мекемелердин жооптуу кызматкерлери өз иштерин аткарышууда".

18-мартта өзбекстандык чек арачылар Кыргыз Республикасынын эки районун байланыштырган жолду аскердик техникалар менен тосуп, ары-бери каттагандарды текшерүүгө алып башташты.

15:00 Кыргыз тарап дагы Аксыдагы чек арага 2 БТР койду. Муну 19-мартта SUPER.KG порталына Аксы районунун Кашка-Суу айылынын тургуну кабарлады. Учурда аймакта абал туруктуу. Кыргыз тараптан 50-60тай жоокер кырдаалды көзөмөлдөп турат. "Жогору жактан өкүлдөр келе жатыптыр, ошолорду күтүп жатышат. Азырынча сүйлөшүүлөр болгон жок",- дейт жергиликтүү тургун.18-мартта өзбекстандык чек арачылар Кыргыз Республикасынын эки районун байланыштырган жолду аскердик техникалар менен тосуп, ары-бери каттагандарды текшерүүгө алып башташты.

14:50 Бүгүн аталган аймакка кыргыз тараптын да техникалары тартылып, учурда бир катар иш-чаралар жүрүүдө. Кечээтен бери чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатышат. Буга чейин аталган чек арага Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Таалайбек Усубалиев жөнөп кеткени айтылган. Учурда кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкан калктардын ортосунда чыр-чатактарды болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, 18-мартта эртең менен өзбекстандык чек арачылар Кыргыз Республикасынын эки районун байланыштырган жолду аскердик техникалар менен тосуп, ары-бери каттагандарды текшерүүгө алып башташкан. Өзбекстан тарап мындай аракетин "Нооруз майрамына карата чек араны бекемдөө, терроризмдин алдын алуу" деп түшүндүрдү, бирок кыргыздардын аймагына кирип алганын моюнга албай жатат. Ал эми жергиликтүү тургундар өзбекстандык чек арачылар кыргыз тарапка тийиштүү жайыттарды талашып жатканын айтышууда. Аймактагы кыргыз чек арачылары күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.

Провокациялык билдирүүлөрдүн көп болуп жатканына байланыштуу талкуу жабылды.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан