Футбол боюнча улуттук кураманын коргоочусу Дениэл Тего кыздуу болду. Футболчуга жубайы, кыргыз кызы Элия 18-апрелде кыз төрөп берди. Маалыматты футболчу SUPER.KG порталына тастыктады.
Жаштар ымыркайга Данэлия деген ысым ыйгарышты. Бул ысым кыздын атасы Дениэл менен апасы Элиянын ысымдарынын кыскартылганы.