Англиялык "Манчестер Юнайтед" футболдук клубу машыктыруучулук кызматка португалиялык Жозе Моуриньюну дайындады. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда клубдун расмий сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, машыктыруучу клуб менен 3 жылдык келишимге кол койду. "Жозеге артылып жаткан негизги милдет - "Манчестер Юнайтедди" жаңы деңгээлге көтөрүү", - деп белгилешет клубдун өкүлдөрү.
Машыктыруучуга жылына 12 миллион фунт (17 миң долларга жакын) өлчөмүндөгү маяна төлөнөт.
Кошумчалай кетсек, "Манчестер Юнайтедди" буга чейин голландиялык машыктыруучу Луи ван Гаал машыктырып келген. "МЮнун" Чемпиондор Лигасынын акыркы сезонунда тайпадан чыга албаганы, Англия Премьер-лигасында 5-орунду алып, Чемпиондор Лигасынын кийинки сезонуна жолдомо албай калышы анын кызматтан кетишине себеп болду.
Жозе Моуринью өз кезегинде 2015/16 сезонун "Челси" футболдук клубун машыктыруу менен баштаган. Бирок клубдун сезондун башында көрсөткөн жыйынтыгы өтө начар болуп, Жозе клубдан кетүүгө мажбур болгон.