Диний ишмер Чубак ажы Жалилов УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге өзү билдирди. Учурда Жалилов УКМКнын имаратында.
Айта кетсек, 7-июнда парламенттин тийиштүү комитетинде жума күнкү тыныгууну 1 саат эмес, 2 саат кылуу нормасы каралган мыйзамдын долбоору талкууланып, ага 3 депутат "макул", 6 депутат "каршы" деп добуш берген. Демилгечилер жума намазына барууга мамлекеттик кызматта иштегендерге шарт түзүп берүү керектигин айтышууда. Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен долбоор четке кагылган.
Чубак ажы Жалилов 8-июнда долбоорго каршы чыккан депутаттарга кол берип учурашпай турганын айтып, аларды айыптап кайрылуу жасап чыккан.