Ушул жылдын 3-8-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтө турган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата кызуу даярдыктар жүрүп жатат. Балыкчы-Корумду жолунда оңдоп-түзөө иштери, ал эми спорттук иш-чаралар өтө турган ипподромду куруп, аягына чыгаруу иштери жүрүүдө. Курулушка мамлекеттин эсебинен 1 миллиард 234 миллион сом бөлүнгөнүн Турак жай-жарандык курулуш департаментинен билдиришти.
Ысык-Көл районунун башкы архитектору Адилет Абдыкадыровдун айтымында, бул ипподром кыргыз өлкөсү эгемендик алгандан бери мамлекеттин бюджетинен курулуп жаткан алгачкы ири долбоор, ири курулуш болуп саналат. Ипподромдун аймагы жалпысынан 25 гектарды ээлейт. Сүрөттөр аркылуу курулуштун жүрүшү менен тааныштырабыз.
"Сапаттуу курулуш материалдары атайын буйрутманын негизинде чет мамлекеттен алынып келинди. Эл аралык стандартка жооп берген чоң ипподром курулуп жатат", - Адилет Абдыкадыров.
Ипподромдун башкы планы. Бул долбоордун үстүнөн бир нече архитекторлор иш алып барышкан. Өткөн жылы өлкө башчынын буйругу менен курулуш үчүн архитекторлор тарабынан 8 эскиз сунушталып, арасынан төмөндөгү долбоор жактырылган.
"Курулуш иши кызуу жүрүп жатат. Кээ бир иштер мөөнөтүнөн мурда бүтүп жатса, башкалары жаан-чачындан улам артта калууда. Буюрса, баары план боюнча аягына чыгат. 15-августка чейин толук бүтүрүшүбүз керек. Андан кийин майда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлө берет", - дейт Адилет Абдыкадыров.
Жумушчуларга 4 маал бекер тамак берилип, жатакана менен камсыздандырылган. Эмгек акысы иштеген жумушуна жараша (орточо айлык 30 миң сом). Жумушчулар тарыхта калчу курулушка өз салымын кошуп жаткандыгы үчүн сыймыктанып жатышканын айтышты.
Бул темирлер атайын буйрутма менен Орусиядан алынган. Бишкекте формага салынып, коопсуздук эрежелерин сактоо максатында Боом капчыгайынын бир тарабы тосулуп атайын жүк ташуучу унаалар менен алынып келинген.
Отуруп көрүүчү жайлар 10 миң адамга ылайыкташтырылган. Бирок туруп көргөн адамдар менен кошо 12-13 миңге жакын адамды батыра алат.
Учурда ипподромдун курулушунда жалпысынан миңдей адам эмгектенет.
Ипподромдон Ысык-Көлдүн көрүнүшү... Көлдөгү "Ак кеме", кол булгалаган жумушчулар...