Бүгүн Дайыр Исмадияров сүйүктүү кызынын кыз узатуу тоюнда концерт өткөрдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ырчынын сахналаш досу Нурмат Садыров билдирди.
"Дайыр сүйлөшкөн кызынын кыз узатуу тоюнда аны сахнадан чыгарып концерт берди. Жанара Жалал-Абаддын кызы болгондуктан, концерт ошол эле шаардын стадионунда, бүгүн саат 2ден 4кө чейин болду. Эми 25-сентябрда үйлөнүү тою болот", - деди ырчы.
Эскерте кетсек, Дайыр Исмадияровдун ата-энеси жана туугандары 25-июлда Жанарага сөйкө салышкан. Үйлөнүү тою Ош шаарында болору маалымдалды.