Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилиги Москва шаарынын мэринин 28-ноябрда айткан билдирүүсүнө жооп кайтарды.
"Кыргыз жарандарынын миграциялык каттоого туруусунда жана жумуш берүүчүлөр алар менен келишим түзүүдөн баш тартканынан улам кыйынчылык жаралууда. Бул факторлор Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн жарандарын "легалсыз" макамына ээ кылууда. Андыктан элчилик мыйзамсыз миграциянын деңгээлин төмөндөтүү үчүн салык төлөөдөн жана жумуш орду менен каттоодон өткөрүүдөн качкан абийирсиз жумуш берүүчүлөрдүн да жоопкерчилигин эске алуу керектигин билдирет. Андай жумуш берүүчүлөр айлык акыны "конвертте" берүүгө кызыкдар", - деп жооп берген элчилик.
Ошондой эле элчилик Москва шаарынын башкармалыгын ойлондурган мыйзамсыз миграция тууралуу өзүнүн сунуштарын киргизүүгө даяр экенин билдирген.