Бишкек-"Манас" аэропорту жолундагы "Ак-Жол" май куюучу жайы кардарлардын берген суммасына толук май куйбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Өлкөдө күйүүчү май кымбат болуп жатканда Сокулук районунун Ак-Жол айылындагы "Ак-Жол" май куюучу жайы ар бир кардардын унаасына май куюуда берилген суммага 1 сом жеткирбей куюп, айдоочуларды алдап жатат. Май куюучу жайдын кызматкери алынган 1 сомду бактын капкагын өзү ачканы үчүн акы катары алып жатканын айтты. Жеке май куюучу жайбы, мамлекеттикпи, мындайга жол берилбеши керек болчу", - деп нааразычылыгын билдирген окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.