Орусиянын "Зенит" футболдук клубу жарым коргоочу Аксель Витцелди кытайлык "Тяньцзинь Цюаньцзянь" клубуна сатты. Трансфердин суммасы 7 миллион еврону түздү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлайт.
Маалыматка ылайык, футболчу италиялык "Ювентус" клубу менен да макулдашкан. Акырында кытайлык клубду тандаган. "Туриндик "Ювентустан" кечирим сурайм. Кытайлык клубдун сунушунан баш тартуу мүмкүн болгон жок" деген футболчу аталган клубдан 3 жылдын ичинде 75 миллион евро маяна алмакчы.