Өкмөт өкүлү өлкөдө СПИДдин өсүп жатышына мигранттарды күнөөлөдү

Жогорку Кеңеш 11-январда "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ-СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун карап жатат. Аталган ооруга каршы күрөшүү программасы боюнча маалымат берилүүдө. Депутаттар саламаттык сактоо министринин орун басарына кайрылып, Орусия менен Казакстанда ВИЧ, СПИДден жабыркагандардын саны азайып жатса, эмне үчүн Кыргыз жеринде күчөп жатканын сурашты. Министрдин орун басары "ВИЧ, СПИД сыртта иштеген мигранттардын айынан күчөп жатат" деген жооп узатты. Мындай жооп депутаттардын сынына кабылып, бул мигранттарды сыйлабастык, министрлик өкүлүнүн жыйынга даярдыксыз келгенинин далили экени айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан