Футбол боюнча улуттук кураманын дарбазачысы Павел Матяш Мальдивдин "Мазия" командасы менен 1 жылдык келишим түздү.
Футболчу аталган командада 2015-жылы ойногон. Анда команда өлкө кубогунда жеңүүчү аталып, өлкө чемпиондугунда 4-орунду камсыздаган. Быйыл "Мазия" командасы АФКнын Кубогуна катышмакчы.