Дональд Трамп АКШга качкындарды кабыл алууну убактылуу токтотту

Америка Кошмо Штаттары качкындарды кабыл алууну 4 айга, сириялык качкындарды өз аймагына киргизүүнү белгисиз мөөнөткө токтотту. Тийиштүү буйрукка АКШнын президенти Дональд Трамп кол койду. Трамп бул чечимин "АКШнын аймагына террорчулардын кирип кетүүсүнүн алдын алуу" деп түшүндүрүп, мындан тышкары өлкөгө кирген мигранттарды көзөмөлдөө боюнча да жаңы нормаларды киргизгени белгилүү болду.

"Биз АКШны радикалдашкан ислам террорчуларынан калкалоо үчүн жаңы көзөмөл киргизебиз. Биз алардын бул жерде пайда болушун каалабайбыз. Биздин жарандар өлкө сыртында күрөшүп жаткан коркунучтарды өлкө кабыл албасына кепилдик бергибиз келет", - деди Трамп.

Трамптын бул чечимин белгилүү миллиардер, Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг сындап чыкты. Ал чыныгы коркунучтарга гана бөгөт коюп, жардамга муктаж жарандарга АКШнын эшиги ачык болушу керектигин айтууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан