Экономика министрлигинин имаратында терезе тазалап жаткан кызматкер кулап кетти. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 26-январь күнү түштөн кийин болгон. Анда Экономика министрлигинде пол жууп иштеген 63 жаштагы Б.А. экинчи кабаттагы терезени тазалап жатып кулап кеткен. Учурда ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда. Анын эки буту сынып, баш мээси чайкалган.
Окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.