Бишкекте 8-класстын окуучусу терезеден боюн таштап каза болду. Бул тууралуу маалыматты Ички иштер министрлигинен тастыкташты.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 1-февраль күнү эртең менен болгон. Анда Бишкектеги №12-мектептин 8-классында окуган окуучу терезеден секирип кеткен. Ал ошол жерден каза болгон. Азырынча окуянын чоо-жайы такталууда.
Ал эми айрым интернет колдонуучулары окуянын таңкы саат 05:00 чамасында болгонун жазышууда. Алардын бири Фейсбуктагы баракчасына: "Бүгүн эртең менен сырттагы кыйкырыктан улам ойгондум. Эшикке чыксам 15 жаштагы кошуна жашаган бала 5-кабаттан секирип кетип, ошол жерден каза болуптур. Ал тарбиялуу, жоош бала болчу", - деп жазды.
Өткөн жуманын аягында кыргыз интернет колдонуучуларын "өлүмгө түртөт" делген оюнга коңшу Казакстандын өспүрүмдөрү кошулганы кабатыр кылса, бүгүнкү күнү оюн Кыргыз жергесинде жайылганын айтып коңгуроо кагышууда. Бул оюн учурда ВКонтакте жана Инстаграм колдонуучуларынын арасында ойноло баштады. Оюнчулар өздүк баракчасына #Разбудименяв4:20, #синий кит, #явигре, #тихийдом, #хочувигру, #F57, #ждуинструкцию деген хештегдерди жазып, киттин сүрөтүн илишет. Андан соң ага кимдир бирөө байланышка чыгып, 50 күн бою ар кандай буйруктарды берет. Оюндун эрежеси боюнча, акыркы күнү оюнчу же асынып, же бийиктиктен секирип өз жанын кыйганда гана жеңишке жеткен болот.