"Элдик видео" бөлүмүнө "Голос. Дети-4" сынагында тывалык Ай-кыс калыстарды таң калтырды" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Meeri777).
Орусиянын Биринчи каналында "Голос. Дети-4" сынагына катышып жаткан тывалык Ай-кыс Кыргыс таланты менен калыстардын көӊүлүн өзүнө бурдура алган. Ал сынактын тандоо турунда америкалык ырчы Глория Гейнердин "I Will Survive" чыгармасын аткарган. Ай-кыс ага насаатчы болуу үчүн бурулушкан Нюша менен Дима Биландын арасынан Биландын командасына кошулууну тандап алган.
Белгилей кетсек, Ай-Кыс Тыва республикасынын Кызыл шаарында 2002-жылы 3-сентябрда туулган. Ал музыкалык студияда билим алып, англис тилин үйрөнүп жаткан кези.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.