Өндүрүш Токтонасыров Албек Ибраимовго каршы митингге чыкты

Бүгүн, 20-февралда жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Албек Ибраимовго каршы митингге чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына активист өзү билдирди.

Анын айтымында, ал учурда Бишкек шаарынан мэриясынын алдында митинг уюштурууда. Колуна чемодан алып, "Көйгөй көп, программа жок" деген жазууну көтөрүп алган.

"Бишкек шаарынын бир чемодан толо көйгөй бар. Ал эми биздин мэрдин бир дагы программасы жок. Кайсы убакытка чейин күтүшүбүз керек? Тез арада программасын сунуштасын!” - деди Өндүрүш Токтонасыров.

Токтонасыров билдиргендей, мэриянын уюштуруу бөлүмүнүн кызматкери чыгып, мэр расмий ишке киришкенден тарта 90 күндөн кийин программасын сунушташы керек экенин айткан.

"Бирок мен каршымын, анткени мэр талапкерлигин көрсөткөндө эле программасын сунушташы керек болчу", - деди ал.

Эске салсак, Албек Ибраимов расмий түрдө 1-февралда мэрлик кызматка киришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Adil706070
2017-02-20 16:20:07
койгойу
+2
baltabaev
2017-02-21 01:07:31
Булар кимдер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан