Индия өлкөсүнүн жашоочусу өзүнүн тажиясына бара жаткан жолдо көзүн ачкан. Бул тууралуу кечээ, 20-февралда "Times of India" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматтарга караганда, 17 жаштагы Кумар Маревадды көчөдө жүргөн ит тиштеп алган соӊ бир нече жума дене табы көтөрүлүп жүргөн. Абалы оорлошуп, ооруканага жеткирилгенден кийин жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган.
Дарыгерлер жигиттин жакындарына инфекция бүт денеге тарап кеткенин, аппаратсыз жашап кете албасын эскертишет. Алардын кымбат баага дарылатууга акчалары жок болгондуктан жигитти туугандары үйүнө чыгарып кетишет. Кийин анда тирүүлүктүн белгилери байкалбагандыктан, аны өлдү дешип, тажиясына даярдана башташкан. Бирок өлүктү коюу ырым-жырымдары өтчү жайга жетерге 2 чакырым калганда Кумар колу-бутун кыймылдатып, тез-тез дем ала баштаган.
Бейтап кайра оор абалда ооруканага жеткирилип, жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган.