КҮНСЕРЕП: Шыкмаматов УКМКда 9 саат сурак берди

Бүгүн, 24-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Кыргыз жеринде жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн Жалпы республикалык квалификациялык тестирлөөдөн өткөрүү сунушталууда. Максат - ЖОЖдордун сапатын жакшыртуу, мыкты кадрларды даярдоого шарт түзүү. "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова демилгелеген мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилди. Документке ылайык, бүтүрүүчүлөрдү электен өткөрүү милдети атайын тендерден уткан көз карандысыз уюмга жүктөлөт. Эгерде бүтүрүүчүлөрдүн жарымынан көбү босоголук чектен төмөн упай алса, окуу жайдын тармактык билим берүү программасына (мисалы экономика адистигине) берилген лицензия кайтарылып алынат. Ал эми тестирлөөдөн кулап, сертификат ала албай калгандарды мамлекеттик жумуштарга албоо сунушталууда.

Өлкөдө бүгүнкү күндө 52 жогорку окуу жайы бар. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, 2015-2016-окуу жылына карата өлкө ЖОЖдорунда 199 505 студент билим алып жатат. 2015-жылы бүтүрүүчүлѳрдүн саны 40 800дү түзгөн. Булардын канчасы кесиби боюнча ишке орношуп, канчасы Орусия жана башка өлкөлөрдү көздөй агылган мигранттардын катарына кошулганы белгисиз. Абройлуу эл аралык университеттердин рейтингдеринде бир дагы Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайы жок. Испаниялык "Cybermetrics Labs." компаниясынын Webometrics Ranking of World Universities рейтингинде Кыргыздын престиждүү деп саналган ЖОЖдорун гана абдан төмөнкү орундардан көрүүгө болот. Мисалы, Кыргыз-Түрк Манас университети – 5323-орунда, Борбордук Азиядагы Америка университети – 5436-орунда, Кыргыз-Орусиялык Славян университети 5799-орунда. Өзүбүздүн ЖОЖдордун сапатын жакшыртууну, дүйнөлүк университеттердин филиалдарын Кыргыз жерине да ачуу аракетин колго алгандан көрө кыргыз элитасы балдарын чет өлкөлөрдөгү абройлуу окуу жайларынан окутканды ыңгайлуу көрүшөт...

Казакстандын чек арасынан ветеринардык көзөмөлдүн жакында алынышы күмөн. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн ветеринардык көзөмөлдү алуу үчүн Кыргыз жеринде товарларды ЕАЭБдин талабына ылайык сертификаттоо, малдарды идентификациялоо иштерин тездетүү, эпизоотикалык абалга көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын билдирип, малды идентификациялоо иши начар жүрүп жатканын моюнга алды.

Малды идентификациялоого тийиштүү мыйзам 2013-жылы эле кабыл алынганына карабай, долбоорго 3 жылдан кийин гана старт берилди. Малды паспорттоштуруу 2016-жылдын ноябрында башталып, бюджеттен 40 миллион сом бөлүнгөн. Эгерде үзгүлтүккө учурабай, керектүү иштер талаптагыдай аткарылса, бардык коммерциялык багыттагы малдарды идентификациялоо иши 2019-жылга барып бүтүшү керек. Андан кийин майда мал жандыктарын каттоо иши башталмакчы. Премьердин сөзүнө караганда, Кыргыздын эт-сүтүн ЕАЭБдин рыногуна экспорттоого дагы бир топ убакыт корочудай. Товарларды ЕАЭБдин талабына жараша сертификациялай турган лабораториялардын да качан иштей баштаары белгисиз. Айрым эксперттер ЕАЭБден Кыргыз Республикасына жеңилдик берүүгө каралган мөөнөт аяктап баратканын, Кыргыз тарап уюмдун жаңы мүчөсү катары бул мүмкүнчүлүктү эффективдүү пайдалана албаганын айтыштууда. Жакында өлкөбүздүн альянска толук кандуу мүчө болгонуна 2 жыл толот...

"Ата Мекендин" депутаты Алмамбет Шыкмаматов бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде (УКМК) сурак берди. Эсептөө Палатасында 2011-жылы өткөрүлгөн тендерге байланыштуу "коррупция", "кызматтык жасалмалуулук" беренелери боюнча кылмыш иши ачылган депутат УКМК имаратында 9 сааттай болду. Шыкмаматов бүгүн камакка алынышы мүмкүн деген жоромолдор да айтылып жаткан. УКМКнын алдына анын тарапташтары чогулушту, арасында депутаттар Аида Салянова, Наталья Никитенко, Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев, президенттик шайлоого катышам деген укук коргоочу Турсунбек Акун дагы бар. Митингде чыгып сүйлөгөндөр учурда бийлик "ата мекенчилерге" каршы саясий куугунтук баштады деген ойлорун айтышты. Салянова кечке маал УКМК Шыкмаматовду 8 сааттан бери кармап жатканын, муну кыйноо катары бааласа болорун, бирок бул сөздү колдонгусу келбей турганын айтты. Алар кылмыш иштери тандалма мүнөздө козголуп жатат деген пикирде. Буга чейин УКМК “Ата Мекендин” дагы бир депутаты Аида Салянованы суракка алган. 4 сааттан ашык УКМКнын эшигинде чогулуп турган митингчилер депутат сыртка чыкканда “Салянова” деп ураан салып, кол чаап, кубанычтуу тарашкан эле. Шыкмаматовдун сыртка чыгышынын кечеңдеши бул ирет андай финиш болбой калышы мүмкүн деген ойлорду жараткан. Атүгүл митингчилер милиция кызматкерлерин жөөлөп УКМКнын имараты тарапка өтүүгө аракет кылышты. УКМКнын басма сөз кызматы "Шыкмаматов козголгон кылмыш иши боюнча сурак берип жатат. Азырынча башка маалымат бере албайбыз", - деген кыска кабар менен чектелип жатты. Шыкмаматовдун колдоочулары милиция кызматкерлерин жөөлөп өтүп УКМКнын имаратына кирүүгө да аракет кылышты. Акыры Шыкмаматов сыртка чыгып, топтолуп тургандарга ыраазычылыгын айтты. Депутат таза экенин мыйзам чегинде далилдейм деген пикирде...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан