Бакыт Төрөбаев: "Өмүрбек Текебаевди кармоодогу катаал чаралар негизсиз болчу"

Тектеш кабарлар: Текебаевге каршы кылмыш иши козголду (51 материал)

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев аэропортто Өмүрбек Текебаевдин кармалышы боюнча пикирин билдирди.

"Өмүрбек Текебаев өңдүү саясатчыны кармоо учурунда күч органдары тарабынан катаал чаралардын колдонулушу жөнсүз деп ойлойм. Ө.Текебаев тергөө органдарына тоскоол болуп же качып кетүүнү көздөбөсө керек эле. Ал Жогорку Кеңештин депутаты гана эмес, парламенттеги оппозициялык фракциянын лидери. "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары менен күч органдарынын саясий тирешине кабатырланып жатам", - дейт Төрөбаев.

Айта кетсек, Өмүрбек Текебаев бүгүн, 26-февралда Стамбулдан учуп келери менен УКМК тарабынан кармалып, 48 саатка камакка алынды. Ага Башкы прокуратура "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан