Ирина Карамушкина Санкт-Петербургда Жогорку Кеңештин депутаттары менен кайым айтышканын жазды

КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Санкт-Петербург шаарында Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттары менен жолугушуу учурунда Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Максат Сабировдор менен кайым айтышканын Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Эл өкүлүнүн билдиришинче, жолугушуу 26-мартта өткөн. Анда Кыргыз делегациясынын өкүлдөрү өлкөдөгү орус тилине байланыштуу көйгөйлөрдү айтышкан. Анын жүрүшүндө миңдеген мечит, медреселердин курулганы айтылып, айыл аймактарында орус тилинен сабак берген мугалимдердин жетишсиздиги айтылган.

"Мен сөз сүйлөп, маселелер бар экенин белгиледим, аларды чечүү үчүн биргелешип аракет кылуу керектигин айттым. Көйгөйлөр тууралуу айтканымда негатив, агрессия башталат. Душман арттыруудан качып, уруш-талаштын борборунда болбош үчүн бир дагы депутат колдобойт деп мисал келтирдим. Расмий тилде доклад жасоого тыюу салбаш керек десем, мени "орустун шовинисти", "Кремлдин агенти" дегенге чейин барышат. Диний ишенимине карабай "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзамды бузбоого чакырсам, мени мандатымдан ажыратуу боюнча кол топтоп башташты дедим. Буга Каныбек Иманалиев менен Максат Сабировдор "динди билбегениңизден кийин кийлигишпеңиз" дешти" деп жазат Карамушкина.

Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин делегациясы КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жана ЖККУ ПАнын кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарында жүрөт. Делегациянын курамында депутаттар Алмаз Баатырбеков, Асел Кодуранова, Аскарбек Шадиев, Искендер Матраимов, Каныбек Иманалиев, Максат Сабиров, Алмазбек Токторов, Исланбек Сарсейитов, Нурбек Алимбеков, Евгения Строкова, Абдывахап Нурбаев, Акылбек Жамангулов, Бахадыр Сулейманов, Динара Исаева, Ирина Карамушкина, Анвар Артыков жана Карамат Орозова бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан