Таластын Бакай-Ата райондук ооруканасынын кызматкерлерине "үйүӊөрдү бүгүн сөзсүз камсыздандыргыла" деген талап коюп жатышат. Бул тууралуу окурман 22-майда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Бакай-Ата райондук ооруканада иштейм. Бүгүн жетекчилик ооруканада иштеген бардык кызматкерлерди чогултуп алып үйүӊөрдү кечки саат 17:00гө чейин камсыздандыруудан өткөрүп келишиӊер керек, милдеттүү түрдө деп талап коюп жөнөттү. Айылда 600 сом табуу оор эле, "акча жок" дегенге да караган жок, кайдан тапсаӊар айдан тапкыла деген таризде. Бизде суроо, үйдү камсыздандыруу милдеттүү түрдөбү? Мүмкүн мен камсыздандыргым келбейт", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.