13-июнда Индиянын Бенгалор шаарында Азия Кубогуна тандап алуу оюндарынын алкагында Индия-Кыргыз беттеши орун алат. Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин курамга чакырылган футболчулардын тизмесине өзгөртүү киргизди.
Футбол федерациясы билдиргендей, аталган беттешке жаракатынан улам Валерий Кичин чыга албайт. Анын ордуна “Алай” футбол клубунун коргоочусу Акрам Умаров чакырылды. Ошондой эле Даниэл Тэго менен Талгат Бектур уулунун ордуна “Дордой” футбол клубунун коргоочусу Тахир Авчиев курамга чакыруу алды.
Футболчулар 5-июндан тарта машыгуу сборун өтүшөт.
Улуттук команданын курамы (жаңыланган тизме):
Дарбазачылар: Павел Матяш ("Мазия" ФК, Мальдив аралдары), Валерий Кашуба ("Дордой"), Калыс Акималиев ("Абдыш-Ата").
Коргоочулар: Тамирлан Козубаев, Тахир Авчиев ("Дордой"), Акрам Умаров ("Алай"), Виктор Майер ("Эммен", Голландия), Ильяз Алимов ("Алай"), Аманбек Маныбеков, Владимир Казакбаев ("Абдыш-Ата"), Азамат Байматов ("Аль-Риффа", Бахрейн).
Жарым коргоочулар: Бахтияр Дүйшөбеков ("Абдыш-Ата"), Фархат Мусабеков ("Алмалык", Өзбекстан), Эдгар Бернхардт ("Роденхаузен", Германия), Ислам Шамшиев, Мирлан Мурзаев, Павел Сидоренко ("Дордой"), Муролимжон Ахмедов, Одилжон Абдурахманов ("Алай"), Ахлидин Исраилов (клубу жок), Талгат Бектур уулу ("Черчилль Бразерс", Индия), Антон Землянухин ("Сухотай", Таиланд).
Чабуулчулар: Виталий Люкс ("Унтерхахинг", Германия), Кайрат Жыргалбек уулу ("Дордой").