Мьянма-Кыргыз беттешинин башталуу убактысы жылдырылды. Беттеш 10-октябрда саат 18:30да старт алат

Футбол боюнча Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын 4-турунун алкагында боло турган Мьянма-Кыргыз беттешинин башталуу убактысы жылдырылды. Кыргыз өлкөсүнүн футбол федерациясы кабарлагандай, беттеш уюштуруучулардын суранычы менен 1 саат алдыга жылдырылган. Аталган беттеш 10-октябрда Мьянманын Янгон шаарында өтөт, оюн Бишкек убактысы боюнча саат 18:30да башталат. Бул беттеш 5-сентябрда болбой калган оюнга жооптук оюн болмокчу.

Эске салсак, Кыргыз-Мьянма беттеши 5-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтмөк. Оюндун токтотулганы тууралуу 4-сентябрда маалымат жыйында белгилүү болгон. Мындай чечимди Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков террордук акт уюштурулушу мүмкүн деген пикир менен кабыл алган.

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин бул беттешке 23 футболчу чакырган. Алар 1-октябрдан тартып машыгууларды өткөрүп, 7-октябрда Мьянмага сапар алышкан.

Улуттук команданын курамы:

Дарбазачылар:

Павел Матяш (клубу жок),

Валерий Кашуба ("Дордой"),

Калыс Акималиев ("Абдыш-Ата").

Коргоочулар:

Азамат Байматов ("Сохар" Оман);

Тамирлан Козубаев ("Дордой");

Авазбек Откеев ("Дордой");

Ильяз Алимов ("Алай");

Валерий Кичин ("Енисей", Орусия);

Виктор Майер ("Виденбрюк", Германия);

Владимир Казакбаев ("Абдыш-Ата")

Аскарбек Салиев ("Алга")

Жарым коргоочулар:

Бахтияр Дүйшөбеков ("Абдыш-Ата");

Фархат Мусабеков ("Алмалык", Өзбекстан);

Эдгар Бернхардт ("Сталь Мелец", Польша);

Павел Сидоренко ("Дордой");

Азиз Сыдыков ("Дордой");

Ислам Шамшиев ("Дордой");

Кайрат Жыргалбек уулу ("Дордой");

Бекжан Сагынбаев ("Дордой");

Муролимжон Ахмедов ("Алай");

Антон Землянухин (клубу жок).

Чабуулчулар:

Виталий Люкс ("Унтерхахинг", Германия);

Мирлан Мурзаев ("Серик Беледиеспор", Түркия).

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ZHYRGAl1412
2017-10-09 15:53:50
Фифанын рейтинги боюнча казактар биздин артыбыга отуп калыптыр
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-10-09 16:42:11
Ушулар менен ойнобой эле койушпайбы озунор кордунор ким экенин булардын
0
Isco22
2017-10-09 20:15:45
Bolunbo.kyrgyz,кантип ойнобойт оюнчук беле ар ким мн ойной берген. Жеребьевка болгондо гоуппада бир болуп калышкан да
0
BakytAliev
2017-10-09 16:53:33
Виталий Люкс мн Антон Землянухинден жакшы оюн кутобуз буйруса жениш биздики
+4
make2
2017-10-09 18:49:44
кайдан көрсө болот ктрк спорт көрсөтөбү? маалымат жазып койгула
+3
Rasul94
2017-10-09 22:16:29
make2,алып бербесе керек конокто ойнойт экен
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан