Якутияда кыргыздар жашаган жатакана күйүп кеткенин кабарлаган мекендешибиз "Элдик кабардын" июль айындагы жеңүүчүсү болду

Орусиядагы өрт кырсыктары тууралуу сөз болгондо ар бир Кыргыз жараны жүрөк үшүн алган окуяларды эстеп өтөрү айкын. Буга чейин чет жерде жүргөн мекендештерибиздин башына түшкөн оор күндөр бүткүл кыргыз элин кайгыга салган.

Алсак, 2016-жылы 31-январда Москвадагы Стромынка көчөсүндө болгон өрттөн 8 Кыргыз жараны каза болгон. Ошол эле жылдын 27-августунда Москва шаарында жайгашкан басмаканадан өрт чыгып, 17 кыргыз кыз-келиндери көз жумган.

"Өлкөбүздө жыргал жашоо болгондо бөтөн элде иштемек эмеспиз" деп эмгек мигранттарынын түрдүү шарттарда иштеп, ар кандай окуяларга туш болуп жатканына күбө болуп жатабыз.

14-июлда Якутиянын Мирный шаарындагы Комсомол көчөсүндө жайгашкан 40-үйдө Кыргыз, Тажик, Өзбек жарандары жашаган жатакана толугу менен күйүп кетти. Бактыга жараша, адамдар оор жаракаттарды алышкан эмес.

Дал ушул маалыматты кабарлаган мекендешибиз Нурила Азимканова "Элдик кабардын" июль айындагы жеңүүчүсү болду.

"Өрт учурунда качып чыгып жаткандарды көрүп ыйлап турдук. Окуя болгон күнү ата-энем уктабай түнү менен ойлонуп чыкты. Былтыр Москвадагы өрттөн каза болгон мекендештерибизди апам эстеп ыйлады", - деген Нурила Азимканова да Кыргыз мамлекетинде жумуш болсо Якутияда иштеп жүрмөк эмеспиз деген пикирин айтты.

"Кырсыктан кийин бул жакта жашаган Кыргыздар жабыркагандарга колдон келген жардамын беришти. Алар 1000-2000 рублдан акча, кийим-кече, төшөк-жууркандарды берип жатышты. Кыргыз диаспорасы да колдоо көрсөттү. Документтерди жасаганда да жардам бере тургандарын билдиришкен. Кыргызда жумуштун жоктугунан бөтөн жерде жүрөбүз да. Өлкөбүздө жумуш болсо мен да жакындарымдын жанында иштеп жүрмөкмүн. Бул жакта Кыргызды көрүп калсак сүйүнөбүз", - дейт Азимканова.

"ЭЛДИК КАБАРдын" 2017-жылдагы жеңүүчүлөрү:

2017-жыл, январь - кыргыз тилине туура эмес которулган афишалар тууралуу кабар жөнөткөн окурман (Бишкек шаары);
2017-жыл, февраль - Өзгөндөгү кооптуу ажаткананы айткан окурман (Өзгөн шаары);
2017-жыл, март - Өзгөн жолдорунун аң-чөнөктөрү топурак менен толтурулуп жатканы тууралуу кабарлаган окурман (Өзгөн району);
2017-жыл, апрель - Садыр Жапаровдун моюну кесилген сүрөтүн жиберген окурман (Бишкек шаары);
2017-жыл, май - Оштогу аттракциондун кулаганы тууралуу видеону жөнөткөн окурман (Ош шаары);
2017-жыл, июнь - Ананьеводогу жарылуу тууралуу видео жөнөткөн окурман (Ысык-Көл облусу).



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
osor
2017-08-01 19:51:06
Ошону кабарлагандан коро жардам берсен жакшы болмок женуучу болуп конулун жайына туштубу ошолордун аркасынан
-4
no.comment
2017-08-01 19:58:49
osor, кабарлады деген соз. Колун артына кылып тамаша кылып отуруп алды дегендик эмес. Сен кайдан билдин анын жардам Берген же бербегенин?
+1
omurbek1990
2017-08-01 21:02:38
osor,сен пландап алам деп аткан окшойт элен е.
+3
grace
2017-08-01 20:11:03
Кайран кыргыз элим...
+1
Tyty1990
2017-08-01 22:01:06
Кайран кыргыз кайда баратабыз.
0
KAYRATBEK
2017-08-01 23:25:40
Ар нерсени суйлой бербей тезирек кобойолу.Батырак 7милионго жетели.
+2
zevs
2017-08-02 01:50:41
jumuw jok dep ele aryzdana berbey iwtesen liboy ele jerde jumuw bar. kel kyrgyzstanga diyjanchylyk kyl kunoskana kur iwtep akcha tap. kalp ele jumuw jok dep wyltay berbey.siler onoy jumuw menen kop akchaga konup algansinar owogo bie nerse bolso ele jumuw jok dep iylap bawtaysinar.rossiya jok bolgondo dele jawap jurgonbuz bolgonun jep.
+3
Bagdayim
2017-08-02 04:36:12
Бул кыз эмне жанылыкты кабарлап жатып женуучу болсом экен деди дейсинби
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан