Бокс боюнча Дүйнө чемпиону Орзубек Назаровдун кызы жол кырсыгына кабылып, оор абалда

Бокс боюнча Дүйнө чемпиону Орзубек Назаровдун кызы жол кырсыгына кабылып, оор абалда. Бул тууралуу спортчу өзү социалдык тармактардагы баракчасынын бирине жазган.

"Достор, жардамга! Менин Аделинам комада. Кан керек. Кандын бардык тобу жарай берет. Канды Чыңгыз Айтматов жана Айни көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кан берүү борборуна паспортуңуз менен келип берсеңиз болот", - деген Орзубек Назаров.

Спортчунун билдиргени боюнча, кызынын кан тобу биринчи, ага кечээ, 19-августта операция жасалган.

17 жаштагы Аделина Назарова 19-августка караган түнү саат 1:30 чамасында Чүй жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгына кабылган. Эскерте кетсек, анда Тоголок Молдо көчөсү менен бара жаткан мотоцикл Чүй көчөсүндө бара жаткан Тойота Пассо үлгүсүндөгү жеңил унаа менен сүзүшкөн. Жыйынтыгында мотоциклдин айдоочусу окуя болгон жерден каза таап, ага учкашып келе жаткан кыз оор абалда Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна жиберилген. Ал эми жеңил унаадагы айдоочу жана жүргүнчү да ар кандай жаракаттарды алышкан. Патрулдук милиция кызматкерлери мотоцикл жогорку ылдамдыкта бара жатканын көрүшүп, аркасынан бара жатканда жол кырсыгы орун алганын көрүшкөнүн Бишкек ШИИБи билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Alina1984
2017-08-20 10:10:45
мен барат элем ошол жакка эртен берип кетсем болот экен да
+5
KIPCHAK-KALMAK
2017-08-20 10:14:50
Аллах шыпаа бер мотоц айдабай еле койбойсунарбы олумдон башка еч кандай пайда алып келбейт досум да мотоциклдан каза болгон артында еки баласы калды
+11
bond02
2017-08-20 10:47:00
Жардам сурап кайрылгандан мурун жаш кызды тун ортосу кочого чыгарбаш керек беле дейм да, бул кырсык же сыноо дебей.
+8
Makain
2017-08-20 11:09:25
Айыгып кетсин бирок жаш кызды уйунон чыгарбай отургузуш керек эле.
+15
engel
2017-08-20 11:48:34
Батыраак сакайып кетесин!
+9
Ymanbekov
2017-08-20 12:11:15
Биринчиге бир эле коюлат го бардык топ жарабай эле
-9
ktmu1995
2017-08-20 20:13:10
1:30да мотоциклге учкашып алып кочодо журбой уйундо олтурбайбы. Аллах шыпаасын берсин. Ар бир ста эне балдарын козомолго алса ушундай окуялар болмок эмес
0
tular
2017-08-21 00:08:22
ГАИ кууп келаткан болчу, мотоциклист ГАИден качып келаткан. Тоголок Молдо кочосу менен туштуктон тундукту коздой келе жаткан. Ал Чуй кочосундогу машинаны откормок, бирок ГАИ кууп алган эле, шашып калган. Чуй кочосундогу машинанын жолу эле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан