Бүгүн, 19-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын президентинин кеңешчиси Сергей Глазьевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кеңешчи “ЕАЭБ шарттарында ишкерликти өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык маселелери” эл аралык илимий-практикалык конференциясынын ишине катышуу үчүн Кыргыз жергесине келген.
Жолугушуунун жүрүшүндө Евразиялык экономикалык биримдиктин ишмердигинин орчундуу маселелери боюнча сөз болду. ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин ортосунда экономикалык интеграция процесстерин мындан ары өнүктүрүү талкууланды. Ошондой эле Атамбаев менен Глазьев ЕАЭБге кирген айрым өлкөлөрдүн ортосунда өз ара соодада тоскоолдуктарды алып салуу боюнча биргелешкен чараларды кабыл алууга тиешелүү маселелер боюнча пикир алмашышты.
Мындан тышкары бүгүн Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Алар телефондук сүйлөшүүдө эки өлкөнүн ортосундагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.