"Ош шаарында небересин сатууга аракет кылган аял кармалды", - деп 26-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдалды.
Берилген маалыматка ылайык, аял ымыркайды сатып алуучуну да таап койгон.
"Ушул жылдын 22-март күнү милиция тарабынан жүргүзүлгөн атайын операция учурунда Ош шаарынын аймагында небересин сатып жаткан аял кармалды. Аны тартип сакчылары 1 ай да боло элек ымыркайды алып келип, сатып алуучудан 20 миң сом алып, ага баланы таштап бара жаткан учурда кармады. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренеси (адам сатуу) менен кылмыш иши козголду", - деп маалыматта айтылат.
Анда белгиленгендей, небересин сатып жатканда кармалды делген аял Ош облусунун 59 жаштагы тургуну М.Л. экени аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми ымыркай дароо социалдык кызматкерлерге өткөрүлүп берилген. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.