Орусияда жол кырсыгына кабылган 8 Кыргыз жаранынын биринин абалы оор. Бул тууралуу 2-апрелде SUPER.KG порталына Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын айтуусуна караганда, кырсыкка кабылгандардын жакындары табылып, алар Рязань шаарына кетишкен.
"Жол кырсыгы 1-апрелде Орусиянын Рязань облусунун Шацк районунда катталып, анда 8 кыргыз жараны жаракат алган. Алардын төртөө ооруканадан чыгарылган. Айдоочунун эки буту, көкүрөгү, кабыргалары сынган, бир кыздын колу үзүлүп кеткен. Үчөөнүн абалы туруктуу, орточо десек болот. Ал эми колу үзүлуп кеткен кыздын абалы оор", - деп басма сөз кызматынан билдиришти.
Жол кырсыгына кабылган Кыргыз жарандары: