Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Гүлчехра Оморова кызматынан бошотулду. Бул тууралуу 3-апрелде президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, президент Сооронбай Жээнбеков Гүлчехра Оморовага тартип жазасын колдонуу иретинде мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотуу жарлыгына кол койду.
Айта кетсек, Гүлчехра Оморова "Заноза" сайты боюнча соттук отурумда төрайымдык кылган.
2017-жылдын 30-июнунда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту биринчи иши боюнча башкы прокурордун арызын толук канааттандырып, "Заноза" сайтын, анын башкы редактору Дина Маслова, сайттын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып жана экс-депутат Чолпон Жакупованы жалпысынан 12 миллион сом доого жыккан.
Ушул эле күнү дагы бир доо арыз каралып, анда соттун чечими менен “Заноза” сайты жана журналист Нарын Айып өз-өзүнчө 3 миллион сомдон төлөөгө милдеттендирилген.
3-июль күнү кезектеги доо арыз боюнча соттук отурум болуп өтүп, анда да Башкы прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, сайт 6 миллион сомго, Нарын Айып 3 миллион сомго доого жыгылган.
4-июль күнү "Ата Мекен" партиясынын адвокаттарына байланыштуу доо арыз боюнча "Заноза" 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Ошентип экс-президентке компенсациянын көлөмү баш-аягы 30 миллион сомго жеткен.