ИИМ: "Тогуз-Торонун 12 тургуну 11-июнга чейин тергөө абагында камакта болот"

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 17-апрелде Тогуз-Торо районунда болгон баш аламандыкка катышы бар 15 адамдын баш коргоо чарасын карап чечим кабыл алган. Сот отурумуна катышкан район тургуну Рахатбек Садыралиев үч аял жана бир мектеп окуучусу үйүнө бошотулуп, калганы эки айга камакка алынганын билдирген.

ИИМдин маалымат кызматы сот тарабынан 12 жашоочуга 11-июнга чейин тергөө абагына камакка алуу чарасы көрүлүп, бошотулган үч аял кишиге өлкөдөн сыртка чыкпоо баш коргоо чарасы көрүлгөнүн кабарлады. Сотко катышкан күбө Тогуз-Тородо кармалган 15 адамдын 11и эки айга камакка алынганын айткан.

Айта кетсек, буга чейин Тогуз-Тородо миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө алтын ылгоочу комбинаттын имараты өрттөлүп, ыргытылган таштан 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун жаракат алып ооруканага кайрылган. Кийин бул окуяга байланыштуу райондун акими кызматынан алынган. Ошондой эле кылмыш иши козголуп, 150дөй адам суракка алынып, он беши Бишкекке алынып келип, камакка алынган. Алардын үчөө аял болсо, биринин эмчектеги баласы бар.

Аларды бошотуу талабы менен эл район борборуна жана Бишкекте митингге чыгышкан. Алар митинг бүгүн да улантыла турганын айтышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ka2sr1
2018-04-18 10:59:11
Камап туруп мыйзам боюнча соттолсун.
-2
Jangazy
2018-04-18 16:20:27
Ka2sr1,ошол жерде жашаганында билмексин.алар ойноп чыгышты дейсинби.бир себеби бар
+2
RaHat19
2018-04-18 21:11:45
бироо суроп койуп четте карап турат.КАрапайым элге жумуш болсо болот эле да
+1
ooki8888
2018-04-19 08:10:45
Элди эмес, уюштургандарды камаш керек.
0
Adikoo2011.
2018-04-19 09:29:43
Эмизген аял чыкса эле болду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан