Дарыгер: "Милиция бөлүмүндө кызды бычактап өлтүрүп, өзүнө да бычак сайган адамдын абалы жакшыра баштады"

Жайыл районундагы милиция бөлүмүндө 20 жаштагы кызды бычактап өлтүрүп, өзүнө да бычак сайган адамдын абалы жакшыра баштады. Бул тууралуу Жайыл райондук ооруканасынын башкы дарыгери Болот Майканбаев бүгүн, 29-майда SUPER.KG порталына билдирди.

"Барган сайын баланын абалы жакшы болуп баратат. Бүгүн сүйлөй баштады. Абалы биротоло туруктуу болгонго чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө болот", - деп билдирди башкы дарыгер.

Буга чейин 27-май күнү 29-жаштагы Б.Д. үй-бүлө куруу максатында 20 жаштагы Т.Б. аттуу кызды ала качып бара жаткан жеринен кармалып, милиция бөлүмүндө кызды бычактап салгандыгы тууралуу кабарланган. Ал кызды бычактагандан кийин өзүнө да бычак сайып, экөө тең оор абалда ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган.

Бүгүн, 29-майда бул окуя боюнча Жайыл райондук прокуратурасы тарабынан жумушуна шалаакылык мамиле кылган милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
RusMos76
2018-05-29 17:19:37
Больницадан качырып жибербесе болду, катуу козомол керек С.Жапаровду деле 3кунго жеткирбей эле чыгарып таштабады беле больницадан, бул адам кейпин кийген немени эсине келген кундон баштап суракты баштасын эн аз дегенде 25жыл берсин!!!
+2
jaskaaa
2018-05-31 11:15:54
RusMos76, Аны дарылап убара болбой эле ХХХХХХХХ кетсе.
0
erlist
2018-05-29 17:31:27
Жакшырганда эмне аны турмо кутуп атат...
+2
Alixan-Nookat.2015
2018-05-29 18:05:54
Жакшыртпай эле ХХХХХХХХ эртең акталып чыгып кетет
+4
Jazdyn_tany
2018-05-29 19:55:09
Alixan-Nookat.2015,анда оңой кутулуп кетет да. Адам өлтүрүү кандай экенин жон териси менен сезип, өкүнгөндөй болсун...
0
rysik79
2018-05-29 18:24:02
Эмне болгон кундо да олбосун. Олсо оной кутулмак да . Андан коро жазасын алсын. Жоон эле маршруткасын айдап журо берсе башкасына деле уйлонмок. Жин- шайтандын азгырыгынан Кудайым сактасын. Суйуу деп шайтанга алданды да. Кыздын арты кайрылуу болсун.. ата- энесине сабыр...
+1
asman.81
2018-05-29 21:39:08
Олуп эле калсын,бироонун чырактай кызын олтуруп.Жогорудагылар туура айтты,ХХХХХХХ.Кыз да ушундай жиндилигин билип баш кошкусу келген эмес да.Чыкса дагы бир кыздын убалына калат,ХХХХХХХХ
0
admin_superstan
2018-05-30 11:43:17
asman.81, Alixan-Nookat.2015,
Провокация жараткан билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган! Билдирүүлөр түзөтүлдү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан