Бурулайдын өлүмү боюнча соттук отурум: Бурулайга сайылган бычактан бармак издери алынбай калган

Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча соттук отурум өтүүдө. Бүгүн, 23-ноябрда болгон Свердлов райондук сотундагы отурумда Жайыл РИИБинин криминалдык милициясынын эксперти Эрмек Саманчиев көрсөтмө берди.

Анын айтымында, ал окуя катталган жерден негизги предмет болгон Бурулайга сайылган бычактан бармак издерин алган эмес. Себебин ал төмөнкүчө түшүндүрдү.

"Мага ошол түнү саат 1де РИИБдин нөөмөттөгү кызматкери телефон чалып, жумушка келишимди айтты. Мен жарым саат ичинде Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө келдим. Келгенде эле алар окуя тууралуу айтып, бөлмөнүн ичине экспертиза жүргүз дешти. Мен окуя катталды делинген бөлмөгө кирсем, пол, эки стол жана дубалдар кан экен. Биздин РИИБдин фотоаппараты бузулуп калгандыктан телефонумдун камерасына сүрөткө тартып далил топтодум. Кызга сайылган бычак оролуп тургандыктан мен андан бармак издерин алган эмесмин", - деди ал.

Мамлекеттик айыпталуучунун "сиздин милдет алгачкы болуп предметтерден бармак издерин алуубу?" деген суроосуна Саманчиев "ооба" деп жооп кайтарды. "Анда эмнеге сиз милдетиңизди аткарган эмессиз" деген суроо берилди. Саманчиев буга "мен РИИБде ушундай окуя болгонуна нес болуп, бармак издерин албай калыптырмын" деп жооп берди.

Буга чейин Жайыл РИИБинин кызматкерлери өз көрсөтмөлөрүндө кабыл алуу бөлүмүнөн Марс менен Бурулайды ооруканага алып кеткенден кийин эле бычакты кагазга ороп, нөөмөт бөлүмүнүн кабинетине алып барып салгандарын айтышкан. Марс Бөдөшовдун жактоочусу ошол көрсөтмөлөрдү эске салып, эксперттин сөзү ага дал келбей жатканын айтты. Ал "Эгерде сиз дароо эле келген болсоңуз, бычакты башка күбөлөр ага чейин эле нөөмөт бөлүмүнө кагазга ороп алып барып салганын айтып жатышса, сиз кайра кантип бычакты окуя болгон жерден көрдүңүз?" деген суроо узатты.

"Мен бычакты көргөм, кагазга оролуп турган. Ошондуктан мен кароо жүргүзгөн эмесмин", - деп жооп кайтарды Саманчиев.

Эксперт Эрмек Саманчиевдин соттук отурумда айткан көрсөтмөсү менен тергөөдөгү көрсөтмөсүндө бир топ айырмачылыктар болуп жаткан эки тараптын жактоочулары тең бирдей протоколдон окуп айтып жатышты.

Ошондой эле Саманчиев убагында телефонго тартылып алынган сүрөттөрдү Бурулайдын кылмыш ишин тергеген тергөөчүгө бергенин кошумчалады.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
aibars
2018-11-23 15:33:45
Шалаакылык дагы бир жолу шалаакылык, оролуп турса эле албай коюш керекпи? Эмнеге ала качкан бала менен анын досунан эч бир соз уга элекпиз, кылмышкер болсо алар корсотмо бериш керек. Ушул иште милиция кызматкерлеринин колу кан. Бизде жалан билимсиз, тажрыйбасы эки айлык тергоочулор иш алып барат.
+5
isarti
2018-11-23 15:35:12
Эмне деген гана жоопкерчиликсиздик. Бул биздин замандын кишилери, кылгылыкты кылып коюп эле анан ШОК (нес) болуп калышат, ЖОК болуп кеткирлер.
+4
CEO1
2018-11-23 15:37:32
Бул шалаакылык эмес, кылмышты жашырууга кобурок окшоп кетип жатат. Ким бироонун кызыкчылыгы учун атайын жасалгандай элес калтырып жатат. Фотоаппараттын иштебей калганы кокустукпу?! Бул калп маалымат болуш керек.....
+7
aibars
2018-11-23 15:37:52
Иш устундо болгон учун камеранын иштешине жана аны козомолго ала турган сенсин, жок дегенде ошол шалаакылыгын учун камаш керек сени ноомоттогу немени.
+4
Nurmat92
2018-11-23 15:56:38
КТРКга прямой тартып айттырыш керек бүтүн Кыргызстан көрүп жатат чындыкты айт деп
+4
Sahka
2018-11-23 16:11:28
Менимче сабатсыздык да. Кайсы мамлекеттик органга барсан. Кыжырын кайнайт. Нес болгон имиш. Сенин жумущун ошентип нес-пес болбой.... Кыскасы соз жок ИИМ
+3
izdeim_seni
2018-11-23 16:35:34
ХХХХХХХХ Мен эч ишенбейм. Бул жерде милициялардын күнөөсү чоң. Марс ала качканы үчүн гана жоопко тартылышы керек болчу. Адам өлтүрүү боюнча эмес(((
+3
admin_superstan
2018-11-23 17:38:47
izdeim_seni, такталбаган маалыматтарды жазууга тыюу салынат!
0
Take_men
2018-11-23 16:54:07
Камера иштебей калат, манжанын изин албай калат, фото иштебей калат...
+1
Feiza1982
2018-11-23 16:56:41
Менттер түздөн-түз тиешеси бар деп ойлойм жөнү жок күнөө таба алышпай созуп жатат ишти атайын.Күнөөлүү болсо соттор сотка же тоок урдады деп алып барып камап салып жатпайбы ушул ишке келгенде чайналып эле калышты коркуп жатышатта чындык билинип калат дешип.
+3
arno2008
2018-11-23 17:54:29
Ишин так аткарбаганы үчүн 97 койсо мойнуна анан чындыкты айтат.
+1
madina.87
2018-11-26 09:27:18
Эмнеге ошол күнкү камерадагы жазуу өчүп кеткен,бычактан бармак издери алынбай калган,фотоаппараты болсо иштебей калган.Жиндиге деле белгилүү болуп жатпайбы, милициялар өздөру күнөлүү экени.Мынча маңкурт болуп баратабыз.Кайран гана жаш чырпык,сындырып салып эми бир бирине төңкөп....
Аркы дуйнодо кимге оодараар экенсиңер эки буттуу айбандар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан