Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев кызынын өлүмү боюнча күнөөлөнүп жаткан 5 милиция кызматкеринин ишин Чүй облустук сотунан Бишкектеги райондук сотко өткөрүп берүүнү суранды. Бирок облустук сот арызды карай элек. Кожоналиев иштин облустук сотто каралышына каршы экенин SUPER.KG'ге 29-сентябрда кабарлады.
"Иш Жайыл райондук сотунда каралып жатканда Бишкекке өткөрүп берүүнү өтүнгөнбүз. Бирок судья Чүй облустук сотуна өткөрүп берип койгон. Азыр эми облустук сотко арыз жазып, Бишкектеги Октябрь же Свердлов райондук сотуна өткөрүүнү сурандык. Бирок азырынча жооп берише элек. Буюрса, эки райондун бирине өткөрүп берет деген үмүттөбүз", - Кожоналиев.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак: 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс.Б. экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марска эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.
29-майда Бурулай Турдали кызынын жансыз денеси жерге берилип, ошол күнү маркумдун атасы "кызымдын денесин майрам сууга алып жатып көкүрөгүнө Н+Б жана икс белгиси бычак менен жазылганын көрдүк. "Н" деген тамга бул кызыма куда түшүп кеткен баланын атынын баш тамгасы. Мынчалык мыкаачылык менен өлтүргөнчө милициялар кайда жүрдү?" - деп билдирген.
Бул маалыматты Чүй ОИИББинин мурдагы башчысы Нурлан Сарчаев калп деген. Анын айтымында, окуя 1 мүнөткө жетпеген убакыт аралыгында болгон. "Бул убакытта андай тилип жазуу мүмкүн эмес жана кыздын денесин экспертизага берген учурда бычактын 3 жолу сайылган жаракаты гана болгон", - деген Сарчаев.
4-июнда Бурулайдын өлүмү боюнча 23 милиция кызматкерине чара көрүлүп, анын катарында Нурлан Сарчаев кызматтан алынган. Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.
Ал эми кыздын өлүмүнө шектүүгө карата кылмыш иши боюнча биринчи сот отуруму 5-сентябрь күнү Жайыл райондук сотунда өтүп, эки тараптын өтүнүчү менен иш Бишкектин Свердлов райондук сотуна өткөрүлүп берилген.