Өмүрбек Текебаев Улуттук кардиология борборуна медициналык кароодон өтүү үчүн чыгарылды

Мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев Улуттук кардиология бөлүмүндө медициналык кароодон өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы SUPER.KG порталына кабарлап, Текебаев медициналык кароого кечээ чыгарылганын белгиледи.

Маалыматка ылайык, экс-депутат №47-түзөтүү абагынын дарыгерлеринин көрсөтмөсү менен Улуттук кардиология борборуна жөнөтүлгөн.

"Буга чейин депутаттык комиссия Өмүрбек Текебаевдин дарыланууга муктаж болуп жатканын жазган. Абактагы дарыгерлер текшерип көрүп, консилиумдан кийин конвойлордун коштоосунда ал кардиологиялык борборго жеткирилди. Кечээтен баштап медициналык кароодон өтүп жатат, анын жыйынтыгынын негизинде дарылануу шарттары белгилүү болот", - деди маалымат катчы.

Эске салсак, былтыр жаз мезгилинде Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновго "Мегакомду" сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган" деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
keba300989
2018-08-01 10:09:32
4 жылда чыгат эми
0
toktor89
2018-08-01 10:22:10
keba300989,
ИнШаАллах чыкты деп эсептейли
+11
Jelezo
2018-08-01 11:46:25
Чындыкты айтканы үчүн жатат . Бийликтегилер Текебаевди чыгарыштан коркуп атайын сотто ишин кайра кароодон баш тартышты
+5
fora
2018-08-01 11:46:53
Ден Соолук калайбыз эсен аман чыгып АШАнын ХХХ ХХХ
+6
admin_media
2018-08-01 14:43:12
fora, порталдын эрежелерин сактоону сунуштайбыз!
0
bakytkg007
2018-08-01 12:03:18
Ден соолук калайм жанан созсуз акталып чыгып кетиниз ак ийилет бирок сынбайт.
+3
talaa11
2018-08-01 12:41:42
Атамбаевдин жообун бериниз эки эсе
+2
Mederbek0811
2018-08-01 13:36:38
Текебаев,Жапаров, Мырзакматов акталса, Кочкоров, Мадумаров бийликтин бир бутагы болсо азыркы бийликке ыраазы болот элем жана калыс, адилеттуу бийлик деп ишенет элем.
+2
Дарыгер
2018-08-01 17:26:59
Mederbek0811, Текебаев эч кимиси менен иштей албайт. Мамлекетти башкаруу жондому жок. Только чекеде туруп кыйкырганы жарайт. Бироонун айыбын чукуп
-1
Mederbek0811
2018-08-01 13:38:16
Омурбек Чиркешович жакшы болуп кетиниз. Аллахым сизге узун омур берсин!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан