Жактоочу: "Прокуратура Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайларды кайра кароодон баш тартканы боюнча сотко кайрылдык"

Өмүрбек Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайларды кароодон баш тартканы үчүн анын жактоочулары сотко кайрылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

"Биз бүгүн Өмүрбек Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайлар боюнча Башкы прокуратура кайра кароодон баш тартканы боюнча Октябрь райондук сотуна кайрылдык. Соттук териштирүү качан болору азырынча белгисиз", - деди Токтакунова.

Айта кетсек, 2018-жылдын 22-майында Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишиндеги жаңы жагдайлардын ачылганы боюнча Башкы прокуратурага арыз тапшырылган. Башкы прокуратура арызды колдосо документтер Жогорку Сотко жиберилип, соттон колдоо тапса, иш биринчи инстанцияга кайтарылмак. Бирок 12-июнда жаңы жагдайлар боюнча документти Башкы прокуратура кароодон баш тарткан.

Эске салсак, былтыр жазда Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновго "Мегакомду" сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган" деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
didu
2018-06-21 07:44:49
пара берген адамды бизде камабайбы
0
Spartak16
2018-06-21 09:06:31
Текебаевтин эркиндикке чыгышынан баары коркот. Себеби Текебаев жогоркулардын мыйзамсыз ишин башка бок курсактарга окшоп кайдыгер карап тура албайт. Жегичтердин кекиртегине сайылган тикенек болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан